• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү. Ошто массалык чуркоо уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум, менин укугум” урааны астында чуркоо иш-чарасы өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, спорттук иш-чарасынын алкагында акысыз медициналык анализдерди тапшыруу, консультация берүү боюнча кызматтар көрсөтүлдү.

Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары күч сынашып, жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты.

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, демөөрчүлөр тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий