• 84.8
  • 101.98
  • 1.11

Жээнбеков Нгуен Фу Чонгду жана вьетнам элин Вьетнамдын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти Нгуен Фу Чонгду жана вьетнам элин Вьетнамдын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделип, эки элдин кызыкчылыгы үчүн өнүгө берет деп терең ишенем. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиӊизге ийгиликтерди, ал эми вьетнам элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий