• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты

Президент 0

Бишкек, 01.09.20./Кабар/. «Шайлоолордун таза өтүшү — өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнүн негизги шарты. Буга баарыбыз жоопкербиз. Шайлоонун ачык өтүүсү камсыздалат жана кепилдик берилет деп Президент катары мен буга чейин айтып келгем. Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо — менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги отурумунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы биздин коом ачык экенин, жарандык коом көзөмөлдөөчү позициясын активдүү билдирип, мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере аларын белгиледи.

«Парламентке аттанган партияларды тандоо укугу — элде. Элибиз чоң жоопкерчилик менен алдыдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланат деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы коомдун тынчтыгын бузууга, жарандардын тандоосуна каршы аракеттер болуусуна жол берилбеш керектигин өзгөчө белгиледи.

«Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Саясий күчтөрдүн элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем», — деп баса белгиледи Президент.

Ал кандай гана күрөш, таймашуу болбосун, жеңилген тарап болорун, шайлоого аттанган саясатчылар амбицияны ары таштап, утулуп калса элди толкутуп, туура эмес жолдорго түртпөстөн, өз аброюн жоготпой, татыктуу жеңилгенди да билиши керектигин кошумчалады.

«Жеңилүү ызасына алдырып, тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал саясий партиялар элдин келечегин, балдардын келечегин ойлоп, туура жыйынтык чыгарганды үйрөнүшү керектигин дагы бир ирет белгиледи.

«Мекендештериме дагы бир жолу, „өлкөдөн өткөн дөөлөт жок“ экендигин эске салып, баарыңыздарды жоопкерчиликке чакырам», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий