• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эки мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы салттуу достукту, жакшы кошуналыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тереңдетүү эки өлкө калкынын түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келерин белгилешти.

Саясий диалогду мындан ары карай тереңдетүүнүн жана 2017-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер учурунда жетишилген бардык макулдашууларды жүзөгө ашыруунун маанилүү экени баса белгиленди.

Сүйлөшүү учурунда соода-экономикалык өз ара аракеттешүүнүн жана чек ара маселелери боюнча кызматташуунун мындан аркы пландары да талкууланды.

Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоону тездетүүнүн зарылчылыгы өзгөчө белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий