• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Жолдорду курууда өзгөчө сапатына көңүл бурулат

Өкмөт 0

Бишкек, 15-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жолдорду салуу жана оңдоо иштерин жүргүзүүдө өзгөчө көңүл алардын сапатына бурулат. Мындай билдирүүнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында жасады.

“Коомчулукта сапатсыз жолдор боюнча көп маселе көтөрүлүп келет. Мындан улам, республикадагы райондордун борбордук көчөлөрүн оңдоо чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күнү облустун 4 районунда бул багытта иштер аткарылып жатат”, –деди премьер-министр.

Ошондой эле, өкмөт башчы жол салууда анын сапаттуу болушу үчүн жаңы Германиялык технология менен пландалып жатканын кошумчалады.

“Мурда жол куруучу компаниялар менен түзүлгөн келишимдер жеңил болуп, жолду оңдоодо, жаңы жолдорду салууда алардын сапатына эч ким көңүл бурган эмес. Эми биз жолдорду өзүбүз салып, оңдоо иштерин дагы өзүбүз жүргүзөбүз”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий