• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон сапарынын алкагында кандай документтерге кол коюлат?

Саясат 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга күтүлүп жаткан сапарынын алкагында маанилүү саясий документтерге кол коюлат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, алдыда күтүлүп жаткан визиттин алкагындагы башкы саясий документ – бул Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча Декларациясы. Бул эки тараптуу мамилелердеги тарыхый окуя болот жана эки жактуу алакалардын жаңы барагын ачат.

“Ошондой эле 10го жакын өкмөттөр аралык документтерге кол коюу күтүлүүдө. Алсак, соода-экономикалык жана гуманитардык тармакта кызматташуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча документтерге кол коюу пландалууда. Андан тышкары ведомстволор аралык документке кол коюлат: транспорт, айыл-чарба, тышкы иштер министрликтери ортосундагы 2019-20-жылдар аралыгында биргелешип кызматташуу боюнча программасы, архивдик иш боюнча биргелешкен иштин программасы. Эки өлкөнүн ишкерлер жана өнөр-жай бирикмелеринин мамилелери ортосундагы келишим”, - деп билдирди Сыдыков.

Сыдыков кошумчалагандай, андан тышкары Түркмөнстандын президентинин чакыруусу менен 24-августта президент С.Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу Эл аралык фондун негиздөөчү-Мамлекет башчыларынын Саммитине катышат. Саммит Түркмөнбашы шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий