• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда жаңы мечит колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага аталган райондун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу, айыл тургундары, имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар катышты. Саамалыктын алкагында бир добуштан мечитке “Ысмайыл-Ата” деген аталыш ыйгарылып, салтанаттуу түрдө колдонууга берилди.

“Жаңы мечит болжол менен 100 кишиге ылайыкталып салынды. Анын курулуш иштерине “Катар Хайрия” кайрымдуулук фонду каржылык көмөк көрсөтүп, жалпы жонунан 2 миллион 2 жүз миң сом бөлүп берген. Ошондой эле жергиликтүү эл тарабынан да 500 миң сомго чукул акча чогултулуп, даараткана, хужуркана салынды жана мечиттин айланасы курчалды”, - деди Талантбек Акылбек уулу.

Ошондой эле баш имам хатиб Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында медресе курулганын айтып, ал жерге жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар ыкмасы аркылуу атайын кампа салынып жатканын дагы кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий