• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүз районундагы эски маданият үйү балдар бакчасына айланды

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында балдар бакчасы иштей баштады.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, бала бакчасы болгон имарат мурда маданият үйү болгон. Бакчага тийиштүү шарттар каралган жана коопсуздук талаптарына жооп берет.

Курулуш иштери толугу менен аталган фонд тарабынан каржыланган. Тендердик баасы 14 млн 287 миң 443 сом.

Белгилей кетсек, буга чейин Боз-Бешик айылында балдар бакчасы болгон эмес, бөбөктөр коңшу айылдагы бакчаларга барышчу.

Пикир

Оставить комментарий