• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүздөгү Көк-Жайык жайлоосуна барчу жол оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Жети-Өгүздөгү Көк-Жайык жайлоосуна барчу жол оңдолууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз курортуна жана Көк-Жайык жайлоолоруна баруучу жол көйгөй жаратып, жергиликтүү тургундарга жана чет өлкөдөн келген эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып келген.

Көйгөйдү чечүү жана эс алуучуларга шарттарды түзүү максатында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов аталган жолдун абалы менен таанышып, тиешелүү тармактарга иш алып баруу тапшырмасы берилген.

Мындан улам учурда Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Липенка айыл өкмөттөрү жана Жети-Өгүз райондук токой чарба кызматы тарабынан жолго кум шагыл төгүп, атайын техникалар менен оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий