• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жетим-Тоо" темир кенин мамлекет өзү иштетет — Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын облусундагы "Жетим-Тоо" темир кенин мамлекет өзү иштетет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, "Жетим-Тоо" темир кени 6 участоктон туруп, узундугу 40 чакырымга созулат.

"Аталган кен темирдин камтылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. 2010-жылдагы эсептөөлөргө караганда "Жетим-Тоодо" 3 млрд 344 тонна темир бар экендиги аныкталган. Кенди мамлекет өзү иштетип, темирди өндүрөт жана улуттук долбоор түзүлөт. Бүгүнкү күндө башка инвесторлорго лицензия берилген жок", - дейт ал.

Сагынбаев темир кенди иштетүү боюнча жакын арада чечим кабыл алынаарын белгиледи.

"Кенди иштетүүдө 21-кылымдын заманбап техникалары колдонулат. "Жетим-Тоодо" мөңгү жана дарыя жок жана ал экологияга зыян тийгизбейт. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеши үчүн темир жол курулат", - деп белгилеп өттү ал.

Өнөр жай комитетинин төрагасы кошумчалагандай, долбоордун иштөөсүнө каражатты Кыргыз-Орус өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкынан алынаары күтүлүүдө. Долбоордун башталышына 200-300 млн доллар каражат кетет.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы сөздөр боюнча түшүндүрмө берген.

Пикир

Оставить комментарий