• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев менен депутат Исланбек Сарсейитов Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда бир катар жергиликтүү социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, шаардын статусун аныктоо маселеси да айтылды. Энергетиктердин шаарчасы катары белгилүү болуп келген Кара-Көлдүн статусу аныкталбагандыктан жергиликтүү бийликке оорчулуктар жаралып жаткандыгы жүйө келтирилди.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттарынан айтылган маселелерди чечүүгө көмөктөшүп, коммуналдык жана энергетикалык төлөмдөрдү төлөөдө жеңилдиктерди берүү жагын караштырууну өтүнүштү. Андан тышкары, жергиликтүү депутаттар Кара-Көл шаарындагы “Нарын ГЭС” ААКтын ишин кайрадан карап чыгып, аны Улуттук энергохолдингдин карамагына киргизүү же башка жолдор менен анда иштеген кызматкерлерди жумушсуз калтырбоону суранышты.

Депутат Кожобек Рыспаев, айтылган талаптарды эске алуу менен комитеттин жыйынына алып чыгарын билдирип, тиешелүү өкмөт өкүлдөрү менен да талкуулай тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий