• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттары СМАРТ Салым долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаттары Мамлекеттик салык кызматындагы көчмө жыйында ведомствонун ишмердүүлүгү, салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов депутаттарга "СМАРТ Салымдын" алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырды.

Анын ичинде электрондук эсеп-фактура, АМС автоматташтырылган башкаруу система, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, "Жыйынды пост" системасы, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн, электрондук патент жана камсыздандыруу полиси, отчетту онлайн форматта берүү, бир катар отчетторду бириктирүү жана башкалар сыяктуу компоненттер.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, Салык кызматы бул масштабдуу долбоорлордун аркасында ай сайын салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарып жатат. Ошондой эле салыктык башкарууну жакшыртуу, ишкерлерди онлайн тейлөөгө которуу, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен сооданын алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер да өз натыйжаларын берүүдө.

"Салык кызматы 5 айдын ичинде мамлекеттик бюджетке 60,8 млрд сом салык чогултту. План 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,4 млрд сомго көп салык чогултулду", – деди А.Абдувапов.

Жолугушууда күн тартибинин өзүнчө темасы ишкерлерде контролдук-кассалык машиналарды киргизүү маселеси болду.

Салык кызматынын жетекчилиги колдонулуп жаткан ККМдин саны, программалык ККМди акысыз берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереянын жүрүшү жөнүндө маалымдады.

"Учурда 47 миңден ашык субъект ККМ колдонуп жатат. Салык кызматы ишкерлерди акысыз ККМ менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктү жасап жатат. Мындан тышкары, жарандарга кассалык чектерди талап кылууга түрткү берүү максатында лотерея өткөрүүдө, мында жеңүүчүлөр үчүн баалуу белектер каралган. Биринчи утуш 1-июлда өткөрүлөт", – деди Салык кызматынын башчысы.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын аягында иштеп баштаган Бишкек шаарынын Ишкерлерин тейлөө борборунун иши менен да таанышышты.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, Борбордо ишкерлер шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан салык кызматтарын, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын кызматтарын ыкчам жана толук көлөмдө алуу боюнча бардык шарттар түзүлгөн.

Иш-чаранын аягында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттары салык жол-жоболорун фискалдаштыруу бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берерин белгилешти, ошондой эле ККМ киргизүү боюнча ишти өркүндөтүүгө тиешелүү бир катар сунуштарды киргизишти.

Пикир

Оставить комментарий