• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июнда Меккеге жөнөйт

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Аравиясынын Медина шаарына учуп кетишет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 405 ажы сапар алып, аларды 8 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми ажылардын акыркы тобу 22-июнда Медина шаарына жөнөп кетишмекчи.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 2766 адам барат. Зыяраттын баасы 4500 доллар деп эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий