• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүн, 2-ноябрда кабыл алынган, - деп билдирет БШКнын басма сөз кызматы.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин “Бир Бол” парламенттик фракциясынан чыгуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы №167 чечими менен чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу КР БШК “Бир Бол” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Тагаев Эрмамат Султановичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эске сала кетсек, Шадиев 31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.

Кийинчерээк УКМКдан билдиришкендей, Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жана ага карата Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий