• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты Бишкектеги Биринчи май районун Айтматовдун атына алмаштырууну сунуштоодо

Маданият 0

Талас, 12.01.18 /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Бишкектин Биринчи май районун улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына атоону сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү жазуучунун 90 жылдыгына арналган маарекелик иш-чаралардын ачылышында билдирди.

Анын айтымына караганда, Айтматов калаадагы Биринчи май районунда жашаган. “Ал партия дайындаган адам болгон эмес. Айтматов өз күчү менен биздин өлкөнү дүйнөгө таанытты. Дагы мындай инсандар болобу же жокбу, белгисиз”,-деди ал.

Андан сырткары Рысалиев Айтматовдун ашын кеңири өткөрүүнү сунуштады.

“Айтматов 8 жыл мурда каза болгон. Анда “Дасмияга” 500 адамды чакырып, ошол менен бүткөн. Келгиле, өзүбүз, таластыктар уюштурабыз. Ата-бабалардын салтын сакташ керек. Мурда мындай инсандар үчүн кандай аштарды беришкен”,-деп билдирди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий