• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаты: “Өмүрбек Текебаев коомчулуктун көзүн боёп, өлкө Президентине карата саясый шантаж кылууда”

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коомчулуктун көзүн боёп, өлкө Президентине карата саясый шантаж кылууда. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

“Өмүрбек Текебаев Президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы Кипрде катылган деп айтканын бардыгыбыз уктук. Мурдагы революционердин Курманбек Бакиев жана качкын Садыр Жапаров менен жолугушууга кандай зарылчылыгы болуптур, айтып берсинчи биздин кесиптешибиз. Түркиянын расмий басылмалары Кипрде жолугушуу болгонун, анда Бакиев Текебаевге каржылык жардам сунуш кылганын жазышты. Демек ал жазадан өзүн куткарыш үчүн ушундай кылып жатат”,-деди И.Карамушкина.

Ал Текебаев коомчулукка болбогон маалыматтардын утуру бирин чыгарып жаткандыгын айтты.

Депутат ЖК төрагасын жана Конституциялык комитеттин төрагасын Текебаевдин кылыгына көңүл бурууга чакырды. Ал интриганы кимдин козутуусу менен кылып жатканын, коомчулуктун көзүн боёп, өлкө Президентине карата саясый шантаж кылып жатканын териштирүү керектигине токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысын кайсы фактыга таянып күнөөлөп жатканын далилдеп берүүсүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий