• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселесин кароого киришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алуу боюнча тиешелүү токтомдун долбоорун кароого киришти.

Депутаттардын алдында атайын депутаттык комиссиянын жетекчиси Каныбек Иманалиев комиссиянын корутундусун окуду.

Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, мурунку мамлекет башчысына алты пункт боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Комиссиянын пикири боюнча, мурунку президент бийлик бутактарынын ишине кийлигишип, атаандаштарын куугунтукка алган жана уюшкан кылмыштуу топту түзгөн деп шектенүүгө негиз бар. Мурунку президент ММКнын сөз эркиндигин чектеген жана кээ бир журналист жана редакцияларга коюлган миллиондогон доо арызды утуп келген.

Комиссиянын билдиргенине ылайык, мурунку мамлекет башчы Бишкек ЖЭБинде жана башка ири объектилерде өткөн коррупциялык тендерлерге жана кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотууга тиешеси болгон деп шектенүүгө негиз бар.

“Комиссия корутундуну укук-коргоо органдарына өткөрүп берет. Ошондой эле орган өкүлдөрү кабарлагандай, Атамбаев тиешеси бар иштер өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп каралат. Комиссиянын оюу боюнча корутунду күмөн жаратпайт”, - деп кошумчалады Иманалиев.

Эске сала кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков “КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, экс-президенттердин мамлекет башчы учурундагы аракеттери же аракетсиздиктери үчүн, Башкы прокуратура тарабынан келтирилген айыптоо жана парламенттин көпчүлүгүнүн колдоосу менен кол тийбестик алынгандан кийин аларды жоопкерчиликке тартууга болот.

Пикир

Оставить комментарий