• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Бишкек шаардык карылардын интернат-үйүнө барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкек шаардык карылардын интернат-үйүнө барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык мекемедеги бөлмөлөр жана китепкана сыяктуу ички шарттар менен таанышкан Төрага Чыныбай Турсунбеков, ал жердеги төшөктө жаткан кары адамдардын абалынан да кабар алды.

Төраганын жеке фондунан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган керебеттерди да көрүп чыккан Чыныбай Турсунбеков: “Дөөлөттүү карылыкты камсыздоо багытында бул жердеги улгайган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу керек”, – деди. Ошондой эле интернат-үйдөгү карыларды караган кызматкерлердин эмгегинин да маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан соң Төрага интернат-үйдөгү карылар менен жолугушуп, аларга саламат узун өмүр, кубанычка толгон жашоо каалоо менен катар социалдык жана каржылык көйгөйлөрдү чечүүгө парламент жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешип тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.

Мындан сырткары, улгайган адамдар менен болгон жылуу сүйлөшүүдөн кийин, Чыныбай Турсунбеков мекемеге керектүү эмеректерди алуу үчүн каржылык жардам тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий