• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков Кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 5-май / Кабар/. ЖК Төрагасы ЧыныбайТурсунбеков Кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө куттуктоо тексти:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу эгемендүү Кыргызстаныбыздын атуулдары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май - Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз эли эзелтен жазылбаган салт-санаанын, адеп-ахлактын ченеминде жашап, бабалардын баскан жолунан тайбай улут катары калыптанып бүгүнкү күнгө жетип отурат. Эркиндик элибиздин башкы чакырыгы болуп, журт башчылары жалпы элдин кызыкчылыгын бекем сакташкан. Калктын каалоосу кандын буйругунан бийик турган. Мына ошол жолдо түбөлүк улутка айланган улуу элибиз 1993-жылы тарыхый баалуулуктарына шайкеш келген жаӊы Башмыйзамды кабыл алган.

Бул Башмыйзам жаӊы курулган кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөп, бийликтеги теӊ салмактуулукту, өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого шарт түзгөн. Бирок, ара жолдо өз билемдигине салгандардын башаламан саясатынан Конституция бир топ өзгөрүүлөргө учурап, 2010-жылга чейин бийликтин кызыкчылыгы үчүн алмаштырылып келгени да жашыруун эмес. Анткен менен эркиндикти сүйгөн элибиз, эки жолу бийликти күч менен алмаштырып, акыр аягы мыйзамдуу элдик башкарууну тандады. Гимнибизде айтылгандай, өз тагдырын өзү чечкен элибиз 2010-жылдын 27-июнунда жаӊы Башмыйзамды колдоого алды. Натыйжада, демократиялык баалуулуктарды камтыган жаӊы багыт калыптанды.

Ошол кездеги оор кырдаалга жараша кабыл алынган Башмыйзамда бара-бара кемчиликтер да байкалып, 2016-жылы көпчүлүк элдин добушу менен Конституцияга түзөтүүлөр киргизилди. Мындай кадамдардын башкы максаты, мурдагыдай жеке үй-бүлөлүк бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү эмес, жалпы элдин алдында мамлекет жетекчилеринин жоопкерчилигин арттырып, парламенттик башкаруу системасын жайылтуу болгонун турмуш өзү көрсөтүүдө. Түзөтүүлөрдүн жемиши азыртан байкалып, Борбордук Азиядагы эркин, теӊ укуктуу жана демократиялуу өлкөгө айлануудабыз. Ачык-айкын шайлоо системасы калыптанып, Башмыйзамыбыздагы башкы эреже - бийлик ээси эл экени таасын белгиленди.

Кандай гана болбосун алгачкы Конституциябыз кабыл алынган күн - Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн катары кала берет. Анткени 24 жыл мурун кабыл алынган алгачкы Конституциябыз өлкөбүздүн эгемендигин даӊазалаган башкы кадам.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу сиздерди Башмыйзамыбыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик жана тынчтык каалайм. Баарыбыз мыйзамды бекем сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн эмгектенели. Баш мыйзамыбыз ага жол ачат!"

Пикир

Оставить комментарий