• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК төрагасы Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III отурумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Кечээ, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III отурумуна катышты.

Белгилей кетсек, аталган парламент жетекчилеринин III отурумуна 41 өлкөнүн делегациялары катышууда. Биринчи отурум 2016-жылы Москвада (Россия Федерациясы), ал эми экинчи отуруму 2017-жылы Сеулда (Түштүк Корея) өткөн. Евразия өлкөлөрүн парламент жетекчилеринин жыйынын жыл сайын өткөрүү демилгеси аталган эки өлкөгө таандык.

Жыйындын алкагында экология көйгөйлөрү, дүйнөлүк чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары бул жыйын бардык Евразия чөлкөмүндөгү парламент жетекчилерин бир аянтка чогулткандыгы менен уникалдуу экендигин белгилешти.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырым аталган жыйындын алкагында парламенттер аралык байланыштарды арттыруу зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары, ал Евразия өлкөлөрүндөгү эл аралык терроризм көйгөйлөрүн көтөрдү.

“Терроризм миңдеген адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудуруп келет. Эл аралык деңгээлдеги терроризмге каршы күрөш тилектештикке таянуу менен ишке ашуусу кажет жана аталган көйгөйдү жок кылууда кош стандарттуулукка жол берилбеши керек. Андан тышкары, террористтерди курал-жарак менен камсыздоо жана аларга логистикалык жардам көрсөтүү аракетине бөгөт коюшубуз зарыл”, – деди Бинали Йылдырым.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Мун Хи Сан жыйындын катышуучуларынын көңүлүн Евразиядагы мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү үчүн экономикалык кызматташтыкты арттыруу аркылуу тиешелүү чараларды кабыл алуу маселесине бурду.

Ал эми Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин мындай парламенттер аралык аянтчалар көп багыттуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө, гуманитардык байланыштарды бекемдөө боюнча маселелерди чечүүгө, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө жана бирин-бири сыйлоо принцибинин алкагында алакаларды арттырууга өбөлгө болорун кошумчалады.

“Парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кесиптештер тарабынан айтылган бардык сунушту колдойм. Бизге маалымат алмашып, демилгелер менен таанышууга эффективдүү жол керек. Ошондо биз биргеликте континентибиздин коопсуз келечегин камсыздай алабыз”, – деди Вячеслав Володин.

Отурумдагы сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыска убакыт аралыгында Евразия чөлкөмү аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн борборуна айланганын билдирди. Алардын катарына терроризм, диний экстремизм, наркотрафик, куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү, миграция, климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлөрдү кошту. Төраганын айтымында жогоруда саналып өткөн маселелердин бири эле пайда болсо, башка көйгөйлөр да келип чыгып абалды катаалдаштырууда.

“Эркиндик, тең укуктуулук, өз ара сый жана ырааттуулук принциптерине таянган эл аралык байланыштардын негизинде Евразия саясий жана экономикалык жактан бөлүнгүс чөлкөм болушу керек. Биздин аймак таарынычтардан, ар кандай түшүнбөстүктөрдөн алыс туруусу кажет. Тынчтык жана кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуубуз зарыл”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Отурумдун соңунда жыйынтыктоочу документ – Евразия өлкөлөрүнүн парламент жетекчилеринин III отурумунун биргелешкен Декларациясы кабыл алынды. Ошондой эле кийинки отурумду 2019-жылы Астанада (Казакстан Республикасы) өткөрүү чечимине келишти.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Түркияда уюштурулган Евразия өлкөлөрүнүн парламент жетекчилеринин III отурумуна катышты. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Эргешов, Жылдыз Мусабекова, Гүлшат Асылбаева бар.

Пикир

Оставить комментарий