• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

ЖК төрагасынын фондунан Чоң-Алайдагы көр көчкүдөн каза болгон балдардын ата-энесине материалдык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев менен Уланбек Примов Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Жаш-Тилек айылына барып, кар көчкүдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөр менен жолугуп келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаттары кар көчкүдөн каза болгон 2 баланын ата-энеси (Эшенкулов Шербото аттуу жарандын үй-бүлөсү) менен туугандарына көңүл айтып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Эске салсак, 19-февралда таңкы саат 05:30дар чамасында кар көчкү түшүп, натыйжада 2 турак үйдү басып калган. Жергиликтүү эл биринчи үйдөн алты адамды куткарып калууга жетишкен. Ал эми экинчи үйдө жашаган алты адамдын төртөө аман чыгарылып, 3 жана 4-класста окуган эки баланын сөөгү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан казылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий