• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК төрагасынын орун басары Грузиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Давид Матикашвили баштаган Грузиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Жамиля Исаева Кыргызстан Грузия менен достук, ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштардын учурдагы абалына токтолгон Исаева парламенттик дипломатия мамлекеттик башкаруу системасындагы маанилүү институт болуп келгендигин белгиледи.

«Жогорку Кеңеш менен Грузиянын парламентинин ортосундагы парламенттер аралык мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызыкдарбыз», - деген төрага орун басары муну менен катар өлкөлөр ортосундагы маданий диалог достук жана ишенимди чыңдоонун маанилүү факторлорунун бири катары караларын кошумчалады.

Өз кезегинде Грузиянын парламенттик делегациясынын башчысы Давид Матикашвили Кыргызстан менен Грузия дос өлкөлөр экенин айтып, мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын мааниси зор экенине токтолду.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки тараптуу өз ара кызматташуу боюнча кеңири пикир алышты.

Белгилей кетсек, жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Бактыбек Сыдыков, Аманкан Кенжебаев, Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Лалиашвили катышты.

Пикир

Оставить комментарий