• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев Ош облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусундагы саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алгач министр Араван районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда болду. Анда Араван Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Андан соң, саламаттык сактоо системасынын эң артыкчылыктуу багыттары – эненин жана баланын ден соолугун коргоо, 2030-жылга чейин “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” саламаттык сактоону өнүктүрүү программасынын максаттарын аткаруудагы аткарылган жумуштар талкууланды.

Министр андан кийин өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири жана жалгыз көп тармактуу балдар ооруканасы болгон Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды. Аталган оорукананын жамааты менен жолугушууда эмгек акы, айрым адистердин жетишсиздиги боюнча суроолор көтөрүлүп, кадр потенциалын жогорулатуу үчүн башка мамлекеттерде тажрыйба алмашуу жана окутуунун маанилүүлүгү талкууланды.

Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусунун саламаттык сактоо уюмдарына болгон иш сапарынын жыйынтыгында айтылган бардык каалоо-тилектер жана тапшырмалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эске алынарын баса белгиледи.

Ал ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрлардын жеке структураларга же чет өлкөлөргө агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн медицина кызматкерлеринин айлык акысы татыктуу болушу керектигин кошумчалап,министрлик бул багытта иш алып барарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий