• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди.

Таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы көмүр кампасына жана металл сыныктары топтолгон жерге барып, Энергетика министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы буга чейин ЖЭБге барганда бардык топтолгон металлды демонтаждап, ЖЭБдин аймагын ирээтке келтирүүнү тапшырган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда “Металлпром” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топтолгон металл сыныктарынын бир бөлүгү борбордогу ЖЭБдин аймагынан чыгарылды, калган бөлүгүн жакынкы аралыкта чыгаруу пландалууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул багыттагы иштерди тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында аткарылып жаткан иштерди толугу менен жана бекитилген мөөнөттө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ал белгилегендей, көмүрдүн белгиленген көлөмүн камсыз кылуу жана кышкысын маселе жаралуусу мүмкүн болгон жайларда техниканын даярдыгын текшерүү зарыл.

Өз кезегинде энергетика министри министрлер кабинетинин төрагасына быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелерин, үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрына карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар экенин, ал өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тонна көмүргө көп экендигин маалымдады.

Ал ошондой эле борбор калаанын ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр экенин ырастап, “бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатканын” белгиледи

Пикир

Оставить комментарий