• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК тармактык комитети Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовду жактырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы кызматына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин жактырды.

ЖКдагы президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев өлкөнүн башкы банкынын төрагалыгына анын талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын билдирди. Ал Кулматов банк тууралуу мыйзамдын талаптарына жооп берерин жана тажрыйбалуу экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп саналат. Буга чейин ал Бишкектин мэри болгон.

Улуттук банкты буга чейин Толкунбек Абдыгулов жетектеп турган. Учурда ал биринчи вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий