• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл менен Нарын облустук драма театрларынын жетекчилери алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору Курсант Абдрахманов которуу жолу менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Ал эми Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп Темирлан Сманбеков дайындалды. Жаңы дайындоолорду эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий