• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКга кайра шайлоо. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө ИИМге мыйзам бузуулар боюнча 23 арыз түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда кайра шайлоонун үгүт иштеринин жүрүшүндө Ички иштер министрлигине мыйзам бузуу боюнча 23 арыз түшкөн. Бул тууралуу брифингде ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен Свердлов районунан - 12, Биринчи май районунан 9 арыз түшкөн.

"3 факты боюнча кылмыш иши козголду, 15 факты кылмыштын белгилери жок болгондуктан номенклатурадан кыскартылган. Калгандары боюнча тергөө уланууда", - деди ал.

Мындан тышкары, Макилов Борбордук шайлоо комиссиясынын линиясы боюнча 9 арыз түшүп, алар боюнча дагы тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Жалпысынан БШК №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышууну каалаган 52 талапкерди каттаган.

Биринчи май шайлоо округу боюнча акыркы учурда эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, бирок шайлоо бюллетенине талапкерлердин маалыматтары киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий