• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрт айда дээрлик 2 миң айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. 8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мындан ары да, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде рейддик иш-чараларды күчөтөт.

Пикир

Оставить комментарий