• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖКККББ кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактоону суранат

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларды жол эрежесин сактоосун өтүнөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу айдоочулар менен жөө адамдар жол кыймылынын эрежесин, жолду өтүү эрежесин сакташы керектиги айтылат. Ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери түнкүсүн ылдамдыкты чегинен ашырбай, карама-каршы тилкеге чыкпоого жана жөө жүргүнчүлөргө жарыкты чагылдыруучу кийимдерди кийүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий