• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйыны болду

Саясат 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйыны болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жыйын бүгүн, 26-майда болуп, ага Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.

Жыйындын катышуучулары коронавирустук инфекциянын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө ЖККУга мүчө-мамлекеттер тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Тараптар COVID-19 пандемиясы менен күрөшүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтык алмашуулардын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министр Айдарбеков өз кезегинде коронавирустук инфекциянын жайылышы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ЖККУга мүчө-мамлекеттерге ыраазычылык билдирди жана аргасыз турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга байланыштуу маселелер боюнча өнөктөштөрдүн мындан аркы өз ара жардамдашууларынын зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Министр ЖККУнун алкагында пандемияны болтурбоо жана жоюу боюнча сунуштарды киргизди.

ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 пандемиясына байланышкан глобалдуу отту токтотууга карата БУУнун Башкы катчысынын чакырыгын колдоо жөнүндө Биргелешкен билдирүүнү жана коронавирустук инфекция (COVID-19) менен күрөшүүдө тилектештик жана өз ара жардамдашуу тууралуу Билдирүүнү кабыл алышты.

Министрлер ЖККУнун жоопкерчилик зонасына түздөн-түз жакын жайгашкан региондордогу жагдайларга терс таасирин тийгизген маселелердин кеңири спектрин талкуулашты жана мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна карата болуп келген жана жаңыдан пайда болуучу коркунучтарга көңүл буруу үчүн тыгыз координациянын зарылдыгын баса белгилешти.

Андан тышкары, ЖККУнун КМШ, ШКУ, ошондой эле башка эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуусун бекемдөө боюнча пикир алмашуулар болду.

Тараптар өз ара кызыкчылыктарды көздөгөн бардык чөйрөлөрдө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрүн улантууну макулдашышты.

"Жыйын жыйынтыгында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча БУУнун Уставынын максаттары менен принциптерин жактообузду тастыктоо жөнүндө билдирүүлөр кабыл алынды. Ошондой эле 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына - 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата тышкы саясат, коопсуздук жана коргоонуу боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн консультацияларынын Планы жана квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү тууралуу чечим жактырылды", - деп айтылат маалыматта.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери, ЖККУнун, ШКУнун башкы катчылары жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы-аткаруучу катчысы катышты.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында Россия Федерациясында өтүүсү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий