• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКнын кезексиз жыйынында жаӊыдан түзүлүп жаткан Өкмөттүн программасы жөнүндө маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 20-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынында жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, ошондой эле анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кезексиз жыйын жүрүшүндө Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасы менен тааныштырды. Талапкер өз сөзүндө экономиканы чыңдап, жаратмандык менен иштеп элдин ишенимин актоого аракет кыларын айтып, бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги биримдикте иштөөгө баардык шарт бар экенин баса белгиледи. Анын айтымында, баштапкы билим берүүгө инвестиция салууга басым жасалат. Ошондой эле үй-бүлө институтуна камкордук көрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, айыл чарбасында иштиктүү аракеттерди күчөтүүгө артыкчылык берилет.

Мындан сырткары, М.Абылгазиев аткаруу бийлигинин алдында экономикалык саясатты атаандаштыкка туруштук бере алгыдай жүргүзүү, бизнес жүргүзүүнүн жана инвестициялардын коопсуздугун кепилдөө, бизнес-омбудсмен институтун түзүү жана башка бир катар милдеттердин тургандыгын чечмелеп берди.

Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев КР Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу органы менен иш жүргүзүү маселесине дагы токтолду. Анын айтымында, Өкмөт саясый дебаттарга катышпай, өлкөнүн социалдык-экономикалык иштери менен алектениши керек.

“Аткаруу бийлиги чечим кабыл алууда коомдук кызыкчылыктарды жетекчиликке алып, тар кызыкчылыктарга жол бербеши зарыл. Мында Өкмөт парламенттин ачык-айкын колдоосуна таянып, компетенттүүлүк жана кесипкөйлүк принциптери менен иш алпарат. Элдин кызыкчылыгына гана билек түрө иштөөгө ишендирип кетким келет”,- дейт М.Абылгазиев.

Учурда эл өкүлдөрү тармактар боюнча канда иштер алпарылары боюнча суроолоруна жооп алышууда.

Суроо-жооп жүрүмү күндүн экинчи жарымында уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий