• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеш 14 калктуу конушту айыл категориясына өткөрүүнү жактырды

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Парламенттин сайтында маалымдалгандай, мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Чолпон Султанбекова берди.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик, Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала, Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Административдик-процесстик кодексине, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий