• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңеш “Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Ө. Бакиров, М. Маматалиев, Г. Асылбаева, С. Айдаров, А. Жапаров.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоору республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганын белгиледи.

"Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжалуу натыйжа бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо стигматизацияланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн мойнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган", - деди.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов мурда кабыл алынган мүлктү адалдоо өнөктүктөрүндө өз ыктыяры менен декларация тапшыргандарга токтолуп, аларга бул мыйзамда кандай кепилдиктер каралганына кызыкты.

Өз кезегинде депутат Гүлшат Асылбаева мүлкүн ыктыярдуу адалдаштырган ишкерлерге карата текшерүү жүргүзүлбөй тургандыгын, эгер тиешелүү кызматтар тарабынан текшерүү башталган күндө да, декларацияланган документтер көргөзүлөөр менен ишти кароо токтотуларын белгиледи.

Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев аталган мыйзам долбоору инвестициялык климатка кандай таасир берерин сурады.

"Инвесторлордун иши үчүн өтө маанилүү. Алсак, эгер мыйзам бузуу катталса, соттун чечими чыкмайынча ага карата камоо жазасы колдонулбайт. Андан тышкары, мыйзамды сунуштоодогу негизги максат каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу болуп эсептелет", - деди экономика министринин орун басары Бекболот Алиев.

Пикир

Оставить комментарий