• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү жаатындагы долбоорлор талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Лим Соён баштаган Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Жогорку Кеңеш менен KOICAнын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү маселеси талкууланып, анын ичинен парламенттин ишин санариптештирүү жаатында мерчемделген долбоорлор тууралуу сөз болду.

Алсак, өткөн жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Кореяга жасаган иш сапарынын алкагында кыргыз парламенти менен KOICA ортосунда Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган 8 млн 400 миң долларлык келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 4 жылга белгиленген долбоор иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу органынын иши заманбап техникалар менен жабдылат.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев ишке ашырылып жаткан долбоор парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого жана депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышын чыңдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш KOICA менен жетишилген келишимдин өз убагында аткарылышына кызыкдар экендигин белгилеген Алайбек Алымбаев өнөктөштөрдү жана Аппарат кызматкерлерин жигердүү иштөөгө чакырды.

Өз кезегинде Лим Соён өзү баштаган топ Корея жана башка өлкөлөрдө ушундай долбоорлорду ийгиликтүү ашырганын белгилеп, команда зор тажрыйбага ээ экенин кошумчалады.

“Андыктан Жогорку Кеңешти санариптештирүү долбоору ийгиликтүү жыйынтыкталат деп ишендирип кете алам”, – деди Лим Соён.

Ал эми долбоордун менеджери Юун Квеон аткарылчу иштердин планы боюнча кеңири баяндама жасап, алардын мөөнөттөрү боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий