• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеӊеште үч жаӊы өкмөт мүчөсү ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаӊыдан өкмөт мүчөлүгүнө дайындалган КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри Шамилбек Асымбеков, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Эмил Осмонбетов ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ант берүү аземине КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт мүчөлөрүн салтанаттуу ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий