• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖКда терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеште КР мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун алгачкы жыйналышы болду.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин жетекчилиги алдында өткөн отурумга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, министрликтер менен ведомстволордун мамлекеттик тил багытында иш алып барган адистери жана эксперттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү сексацияларга бөлүштүрүлүп, 2024-жылга карата иш-чаралардын планы бекитилди. Ошондой эле катышуучулар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Маалыматка ылайык, мекемелер аралык жумушчу топтун алкагында биринчи этапта КР мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү, экинчи этабында Юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-январында Жогорку Кеңештин төрагасынын «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн жана Юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгүн иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тууралуу» тескемеси чыккан.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жумушчу топтун жетекчисинин орун басары болуп бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий