• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жогорку Кеңештин жарым жылда аткарган жумуштары — отчет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин биринчи сессиясындагы (2021-жылдын декабрь – 2022-жылдын июнь) ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат жарыяланды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документте парламенттин, фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин, ошондой эле убактылуу депутаттык комиссиялардын иши, мыйзам долбоорлорунун кыймылы жөнүндө, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк жана контролдоо функцияларын аткаруу боюнча жана башка тиешелүү маалыматтар камтылган.

Жалпысынан сессиялык мезгилдин ичинде Жогорку Кеңеш 33 пленардык жыйын өткөрдү, 41 мыйзам жана 276 токтом кабыл алды.

Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун, акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун баяндамаларын укту. Жарандардын 7628 кайрылуусун карады, шайлоочулар менен 6000ден ашуун жолугушуу, 10 парламенттик угуу, конференцияларды, тегерек столдорду жана парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 33 жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий