• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Эмилбек Токтошев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

Министрлик суракка объективдүүлүк үчүн көптөгөн жарандар чакырылгандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 5-6-октябрь күндөрү митингге чыгышкан. Митинг массалык башаламандыкка жетип, 626 милиция кызматкери жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий