• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева каза болду

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева 2024-жылдын 28-февралында 71 жаш курагында каза болду.

Парламенттен билдиришкендей, Гуласал Садырбаева 1952-жылы 4-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылында туулган. 1971-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1971-жылы №4 “Жаңы турмуш” орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1978-жылдан тартып аталган мектептин баштапкы класстарынын окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

1980-жылдан 1992-жылга чейин Ж.Ниязов атындагы облустук мектеп-интернаттын окуу бөлүмүнүн башчысы катары кызмат кылган. 1992-жылдан 2010-жылга чейин аталган мектеп-интернаттын биология мугалими болуп эмгектенген.

2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешине «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Шакиев Н.Т., Азыгалиев Н.А., Исаева Дж.К., Сыдыгалиев Н.О., Абакиров Э.К., Абдалиев М.А., Абдибаева А.Н., Ажибаев Ч.И., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Акаев Ж. К., Алиев М. К., Алимбеков Н. К., Алимжанова Н. Я., Алтынбеков А., Атажанов Ы. Ы., Атазов Ш.К., Атамбаев С.А., Ашимова Д.А., Бакасов У.Б., Бекешев Д.Д., Джумабеков Д.А., Джусупов Э.Р., Жакышов Р.Ш., Икрамов Т.И., Исатбек кызы А., Исираилов А.А., Кадырбеков Н.К., Кенжебаев А.Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э.К., Коргонбай уулу Ж., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Лурова Л.Х., Мадумаров А. К., Мажитова Ш., Малиев А.К., Мамасадыков З.Д., Маматалиев М. А., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Масабиров Т.А., Масалиев И.А., Маткеримов А.Т., Молдобекова Г.С., Мураталиев М.М., Нарматова Н.А., Нурбаев Ж.П., Омурзаков С.А., Ормонов У.З., Осмонов А.Ж., Примов У.Б., Раимбачаева В.К., Рысбаев Р.Р., Садырбаева Ж. Э., Саккараев М.Д., Самаков К.К., Самыйкожо М., Сарбагышев М. К., Сарыбашов Т. Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов К.К., Сулайманов Э.Н., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Сыдыков М.Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш.К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М.О., Тентишев Б.Э., Токторбаев Ж.Ш., Токтошев Э.Т., Толонов Д. Э., Төлөнов Ч.Т., Турсунбаев А.А., Түлөбаев Б.З., Түмөнбаев А.Т., Ханджеза К.Л., Чойбеков Б.К., Шабазов Б.В. Эрбаев А.Т.

Пикир

Оставить комментарий