• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 3 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Бишкекте 3 кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 28-февраль күнү орун алып, өрт борбор калаанын Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 21:27де толук өчүрүлүп, турак үйдөн 5 адам эвакуацияланган. Абалдары туруктуу.

Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн чатырынын болжол менен 170 чарчы метри өрттөнгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий