• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Алматыда олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 8-13-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жеткен окуучуларды жана алардын мугалимдерин кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, агартуучулар олимпиадага катышуу үчүн керектүү каржыны табуу кыйынчылык жаратарын, бардык чыгымды окуучулардын ата-энелери жана айрым демөөрчүлөр көтөрүп келе жатканын белгилешти.

Төрага аталган маселеге олуттуу көңүл буруп, кийинки жылдан тарта Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууну каалаган окуучуларга Жогорку Кеңештин атынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Ошондой эле ийгилик жараткан окуучулар арасында дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууну каалагандар болсо, төраганын резервдик фондунан керектүү жардамдар берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары, олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимдердин тажрыйбасын башка мектептерге, айрыкча аймактардагы билим берүү мекемелерине жайылтуу зарылчылыгын белгилеген төрага: “Күчтүү аймак – күчтүү өлкө. Буга байланыштуу аймактарды да өнүктүрүү үчүн ал жактагы билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө көңүл бурушубуз керек”, – деди.

Белгилей кетсек, окуучулар арасында информатика, физика жана математика сабактары боюнча өтүүчү Жаутыков (IZHO) олимпиадасы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыргызстандын окуучулары аталган олимпиадага акыркы жети жылдан бери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий