• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ЖАКтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева өзүнүн орун басарлары Айчүрөк Назаралиеванын жана Жанибек Жоробаевдин, ошондой эле Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлеринин коштоосунда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) борбордук аппаратында болуп, жетекчилик жана кызматкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады

Жамиля Жаманбаева ЖАКтын жетекчилигинин жана өздүк курамынын алдында сүйлөп жатып, Жаза аткаруу кызматынын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгүндөгү оң натыйжаларын белгилеп, ошондой эле КРнын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы бир катар маселелерге көңүл бурду.

Омбудсмен камактагылардын укуктары бузулган айрым учурларга тынчсыздануусун билдирип, жаза аткаруу мекемелеринде кармоо шарттарына жана укуктардын сакталышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, адам укуктарын сактоо максатында ЖАК менен Акыйкатчы институтунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуштады.

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев Акыйкатчы институтунун жетекчилигине иш сапары жана жазык-аткаруу тутумунун көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирип, пенитенциардык мекемелерде коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, соттолгон жана камакка алынган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо ЖАКтын артыкчылыктуу милдеттери экенин, аларды чечүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле төрага бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу кызматынын ишмердүүлүгү максималдуу түрдө ачык-айкын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борбору, башка укук коргоочу, ЖАК мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жаткан өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташып жатат деп ишендирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эркиндигинен ажыратуу жайларында адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууну жакшыртуу чараларына байланыштуу башка актуалдуу маселелер талкууланды. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул максатта жакын арада ЖАКтын кароосуна Акыйкатчы институту менен кызматташуу планы сунушталат. Анда Акыйкатчы институту тарабынан адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууну жакшыртуу маселелери боюнча окутуу, тиешелүү ченемдик укуктук актыларга биргелешкен талдоо жүргүзүү жана анын жыйынтыктары боюнча негизделген сунуштарды жана башка иш-чараларды киргизүү каралат.

Акыйкатчы менен ЖАКтын төрагасы абактагылардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүүнүн бардык маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти, тактап айтканда, ЖАКтын мекемелеринде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү тууралуу макулдашылды.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор ЖАТтын музейи менен таанышып, акыйкатчы Жаманбаева ардактуу коноктордун китебине кол тамгасын калтырды.

Пикир

Оставить комментарий