• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Минсктеги Жеңиш монументине гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы иш сапарынын алкагында ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Жеңиш монументине гүлчамбар койду.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларуска барган. Жыйындын жүрүшүндө Ассамблеянын алкагындагы негизги маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий