• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңештин төрагасы Таластагы билим берүү жайларынын абалы менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапарынын алкагында билим берүү жайларынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач Төрага Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын абалынан кабар алып, түзүлгөн шартты көрүп чыкты.

Алсак, аталган мекеме 1972-жылы уюштурулуп, 1926-жылы курулган имаратка жайгаштырылган. Экинчи окуу корпусу да 1939-жылы салынып, үчүнчү окуу корпусу 1960-жылы курулган имаратта орун алган. Бүгүнкү күндө акыл-эси жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 120 окуучу тарбияланып жаткан мектеп-интернаттын имаратын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл.

Мекеменин абалы менен таанышып чыккан төрага Нурланбек Шакиев суу сактоочу кампаны жаңыртууга жардам катары 300 миң сом тапшырып, кир жуучу машина, муздаткыч өңдүү тиричилик жабдууларын белек кылды.

Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Арашан орто мектебине барды. Аталган мектеп дагы 1915-ж., 1988-ж. жана 1989-жылдары салынган имараттарда жайгашып, азыркы тапта 244 окуучу үч нөөмөт менен билим алат. 2022-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда экендиги аныкталып, 225 орундуу эки кабат мектеп куруу мерчемделген. Айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар менен өткөрүлгөн жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

“Республика боюнча ушундай эски мектептерди жаңыртуу багытында көп иштер жасалууда. Быйыл 100 мектеп ишке кирсе, кийинки жылы да көптөгөн билим берүү жайлары салынат. Андан тышкары, агартуучулардын айлык маянасы да жогорулатылды. Албетте бул чек эмес. Өлкөбүздө жүргүзүлгөн реформалардын аркасынан дагы көп иштер жасалат. Бирок биздеги негизги көйгөй, билим берүүнүн сапатынын начардыгы. Андыктан, мектептерди салуу менен гана чектелбей, окутуу усулдарын да жаңылап, заманбап программаларды иштеп чыгуу аркылуу билим берүүнүн сапатын арттырышыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда жолдорду оңдоо, ирригацияны жакшыртуу, ички иштер органдарында эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу өңдүү сунуш-талаптар айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев Талас облусунан шайланган депутаттар аталган облустагы көйгөйлөрдү парламентте байма-бай көтөрүп келе жатышканын айтты.

“Андыктан, аймакка тиешелүү бардык маселелер менен таанышмын. Аларды чечүү багытында аткаруу бийлиги менен бирге тийиштүү иштер жасалат” – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Русланбек Жакышов, Гуля Кожокулова, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий