• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол коопсуздук башкармалыгы айдоочуларды айдоо маданиятына чакырган ролик даярдады

Коом 0


Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларды айдоо маданиятына чакырган ролик даярдады.

Анда каармандар бир багытта оң жана терс айдоочулардын ролун ойноп, унаа башкаруудагы кыймыл аракеттердин кесепетин көрсөтүп беришти.

Видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу айым унаа каражатын башкаруу учурунда коопсуздук курун тагынып, ылдамдыкты ашырбай, эч нерсеге алагды болбой, жол кыймылынын эрежелерин так сактагандыктан, сак саламат үй-бүлөсүнө жолукту. Ал эми терс каарман ушул көрүнүштөрдү туура аткарбагандыктан, жол кырсыгына кабылып, үй-бүлөсүнө жетпей калган.

Пикир

Оставить комментарий