• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жол кырсыгына себепчи болбо! Милиция кайырчы жана ыктыярчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаа жүрүүчу чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жана атайын оорулуу бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында айдоочулардан акча чогулткан ыктыярчыларга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айрыкча тилемчилик менен алектенгендер чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп, айдоочулардан акча чогултуу учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп, кээде жол кырсыгына кабылып, же “коопсуз шаардын” камераларына түшүп калууда.

"Ушундай эле көрүнүш борбордук көчөлөрдөгү ыктыярчылык менен акча жогултуп жаткан жарандар арасында да байкалууда. Алар жолдо автоунааларды аралап жүргөн кезде жолтандабас сүзүп, же жол кырсыгы катталуу коркунучу пайда болууда", - деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери аларга ыктыярчылык сооп иш, бирок ошол эле учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери пайда болуп жаткандыгын эскертип, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий