• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол кырсыктарын азайтуу үчүн ЖКККББнын адистештирилген ротасынын кызматкерлери түштүк аймакка жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистештирилген ротасынын кызматкерлери аймактагы бөлүмдөргө жардам берүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

“Оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине практикалык жардам көрсөтүү максатында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн адистештирилген ротасынын инспекторлору Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Маалымат ылайык, 10-ноябрь күнү адистештирилген ротанын беш экипажы эле Токтогул жана Кара-Көл шаарларында кыска мөөнөттө 67 одоно жол эрежесин бузуусун аныктаган.

“Ошол эле учурда, Токтогул райондук ЖКККБ кызматкерлери болгону 19 жана Каракөл шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан болгону 8 жол эрежесин бузуу аныкталган. Иш чаранын алкагында оор жол кырсыктарын алып келүүчү кууп өтүү жана маневр жасоо, карама-каршы тилкеге чыгып кетүү жана ылдамдыкты ашыруу сыяктуу жол эреже бузууларга басым жасалды. Кыска убакыттын ичинде 53 ар кандай одоно жол эреже бузуулары менен бирге 1 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды. Тиешелүү документтери жок унаа башкарган 13 айдоочу аныкталып,14 унаа токтотуучу жайларга коюлду”, - деп билдирет аталган башкармалык.

Башкармалыктан белгилешкендей, бул багыттагы иштер бир жума улантылат. Башкармалыктын адистештирилген ротасынын кызматкерлери башка аймактарга дагы жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий