• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жолчулар Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы тешиктерди жамай берип чарчашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жолчулар үч жыл мурда курулган Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы тешиктерди жамай берип чарчашты. Бул тууралуу ЖКда жыйындын жүрүшүндө депутат Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтымына караганда, ишти кабыл алуу учурунда сапатына көңүл буруу керек, эгерде ал аксап турса кайрадан жалданма жол куруучуларды кайрадан оңдоого мажбур кылуу керек.

Андан тышкары, эл өкүлү билдиргендей, ушундай эле жагдай Бишкекте да байкалат.

“Бир жыл мурун курулган жолдор бүгүн начар абалда. Мисалга, бир жыл мурун төмөнкү Ала-Арча айылындагы жолдун бир бөлүгү оңдолгон, бардыгы 10 чакырым. Учурда ал жолдун абалы абдан начар”,-деп кошумчалады ал.

Депутат ошондой эле өкмөткө Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоону аягына чыгаруу үчүн донорлордон кошумча каражат табууну суранды.

“Бул жылы күзүндө кайрадан ДКО өтөт. Ошол эле коноктор келет, ал эми жол курулуп бүтө элек. Реконструкцияны аягына чыгуу керек. Каражатты бир гана бюджеттен албай кошумча донорлорду издөө керек”,-деп билдирди Жамангулов.

Пикир

Оставить комментарий