• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында 1-орун алды

Спорт 0


Бишкек, 01.03.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 1-орун алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 21-февралдан 4-мартка чейин спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Ага 38 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Кыргызстандык командага биринчи алтынды 18 жаштагы Акжол Махмудов 72 кг чейинки салмак категориясында алып келди. Мындан тышкары кураманын эсебинде төрт коло жана төрт күмүш медаль бар.

Жыйынтыктарды жалпылаганда, Кыргызстан курамасы – 157 упай менен 1-орун, Казакстан 156-упай менен экинчи орун, Өзбекстан 148 упай топтоп 3-орунду алды.

Пикир

Оставить комментарий