• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жолдогу ишенимдүүлүк: Эмне үчүн унаа сүйүүчүлөр “Партнер Нефть” май куюучу жайларын тандашат?

Коом 0

Авто унаалар абдан көп маселелерди чечкендиктен, адамдардын заманбап жашоосун ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ыңгайлуулук, тыкандык жана ылдамдыкты өзүнө камтыган авто унаалар жашоонун бардык тармактарында – бизнестен спортко чейин коммуникциялык милдетти аткарышат. Бирок бул процесстин баары бир гана нюанстын – сапатсыз майдын кесепетинен бузулуп, чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн.

“Партнер Нефть” компаниясы бардык унаа ээлери жана ири ишканалар үчүн ишенимдүү өнөктөшү болуп, аларды жогорудагы көйгөйдөн арылтты. Кыска мөөнөттө ал мунай зат продуктуларынын чекене рыногундагы ири операторлордун бирине айланып, бүтүн Кыргызстан боюнча унаа сүйүүчүлөрүнүн бир топ бөлүгүнүн көңүлүн таба алды. Бүгүнкү күндө компаниянын башкаруусунда 5 мунай базасы жана 73 май куюучу жай бар. Алар Кыргызстандын бардык аймактарында жогорку сапаттуу россиялык өндүрүмдөгү продукцияны сатышат. Мындан тышкары компаниянын түзүмүнө дагы 17 газ толтуруучу бекет кирет.

“Партнер Нефть” ЖЧКсынын чекене сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Назар Бекмуратов жогоруда айтылгандарды ырастап, бүгүнкү күнү компаниянын май куюучу жайларынын рыноктук үлүшүнө 17-18% кардарлар туура келет.

“Партнер Нефть” МКЖ түйүнү күн сайын он миңдеген унаа ээлерин тейлейт. Алардын арасында кен иштетүү компанияларынан, маморгандардан жана банктардан турган корпоративдик кардарлар да кыйла көп. Кардарлардын негизги бөлүгү 25-40 жаштагы, тагыраак айтканда, активдүү жашоо кечиргендер. Алар же саякатташат, же бизнес менен алектенишип, ар дайым жолдо жүрүшөт”,- деп ой бөлүштү Бекмуратов.

“Партнер Нефть” май куюучу компаниясынын туруктуу кардарлары алар дал ушул компаниянын продукциясын тандаган себеби биринчи кезекте, сатылган майдын сапаты экени белгилүү болду.

“Партнер нефть” май куюу жайларында сатылган майлардын баары тастыкталган жана тиешелүү сапаттык сертификатка ээ. Кыргызстандын базарларына биз кардарларыбыз жакшы продукт алуусу үчүн жогорку сапаттуу россиялык майларды ташыйбыз”, -деп билдирди Назар Бекмуратов.

“Партнер нефть” май куюучу бекеттери АИ-95, 92, 80 маркаларындагы бензинди жана дизелдик майды сунуш кылат.

“Авто унаа сүйүүчүлөрүнүн арасында май куюучу майларда бензинди толук куюшпайт деген пикирлер бар. Мунай продуктуларынын базарында айрым кызматкерлер ушундай аракеттерге баруу ыктымалдыгы четке кагылбайт. Бирок биздин май куюучу жайлар Мамлекеттик стандарттын текшерүүсүнөн туруктуу өтүп турушат. Биз кардар канча акча төлөсө, ошончо көлөмдөгү май алуусу үчүн 73 май куюучу бекеттин ар бирин текшерип турабыз”, - деп айтып берди Назар Бекмуратов.

Мындан тышкары, ал компания кардарларга багытталган туруктуу иштерди жүргүзүшөрүн, МКЖ кызматкерлеринин тейлөө сапатын көзөмөлөй турганын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө 73 май куюучу жайда 650 кызматкер эмгектенет жана алардын баарынын өрт коопсуздугунун эрежелери, өндүрүштүк санитария жана кардарларга иштиктүү мамиле кылуу боюнча тиешелүү даярдыктан өткөндүгү тууралуу сертификаттары бар. Ошону менен бирге “Партнер Нефть” май куюучу түйүндөрүнүн кызматкерлери күн сайын эртең менен коопсуздук техникасы боюнча инструктаж менен башташат.

Компаниянын кардарларынын пикирлери жана сунуштары түз байланыш (+996 312 91 20 20) телефонуна, Facebook жана Instagram социалдык тармактарына келет. “Партнер Нефть” ЖЧКсынын расмий сайтында кардарлар жана өнөктөштөр бардык кызыктырган суроолор боюнча маалымат ала алышат.

“Биздин компания динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат. Ошону менен катар биз кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү дагы эстен чыгарган жокпуз. Алсак, бүгүнкү күнү компаниянын 73 май куюучу жайында 46 дүкөн бар. Товарлары өлкөнүн ири супермаркеттериндеги сыяктуу, 1000ден ашуун аталышта! “Партнер нефть” май куюучу майларынын бардык дүкөндөрүндө сиз унааңызга керектүү: автохимия, аксессуарларды жана жолдо керек болучу башка товарларды табууга болот. Ошондой эле тамактанып, кофе же башка суусундуктарды ала алышат. Май куюучу жайларда өздүк соода маркаларындагы товарлар сатылат”, - деди Бекмуратов.

Бирок жагымдуу жаңылыктар муну менен бүтпөйт! 16-февралдан тарта “Партнер Нефть” компаниясы «Двойной удар по бездорожью!» байгелүү акциясын башташкан. Анын баш байгеси LexusGX 470 жол тандабасы. Оюнга катышуу үчүн 2018-жылдын 31-июлуна чейин накталай же банктык карта менен “Партнер нефть” май куюучу жайларынан каалаган майдын түрүнөн 10 литр алуу керек. Ошентип, жалпы суммасы 100 литр чекти акциянын купонуна алмаштыруу керек. Бир катышуучуга купондордун саны чектелген эмес. Бир унаа ээси бир нече жолу соода кылып, бир нече купон толтурса болот.

Белгилей кетсек, купондун бөлүгүндө идентификациялык номер менен скретч-тилке камтылган. Анда дароо чыгуучу байге жашырылышы мүмкүн. Акциянын жалпы байге фондунда 10 телевизор, 10 үй кино театры, 10 ноутбук, 100 литрден май куюуга 4 сертификат, 50 литрге – 8, 20 литрге - 10 сертификат бар.

Акция Ош шаарында 15-августта, Бишкекте 17-августта ойнотулат. Эки “Лексус GX470” унаасы сизди күтөт!

Кабар” КУМА

Нуркыз Сабырова

Пикир

Оставить комментарий